САЛАВАТ АЙТУУНУН СЫЙЛЫГЫ

Опубликовано content -

Пайгамбарыбыз, (саллаллаху алейхи васаллам) айтты:

“Ким мага салават айтса, Аллах Таала ага он ырайым кылат. Ким мага он салават айтса, Аллах ага жүз ырайым кылат. Ким мага жүз салават айтса, Аллах ал адамга миң ырайым кылат. Ким мага миң жолу салават айтса, Аллах ал адамдын денеси тозокко түшүүсүнө арам кылат. Ал адамды дүйнөдө да, акыретте да эсеп-кысаптарда калимаи шахадага бекем кылат. Жана да ал адамды бейишке киргизет. Окуган салават Сиратта беш жүз жылдык аралыкты жарык кылган нурга айланат. Ар бир окуган салаватына Аллах Таала ага бейиштин эң жогору даражасынан сарай берет. Көп окуса көп сооп алат, аз окуса аз сооп болот”.

Бирөө: “Оо, Расулуллах! Сенин алдыңда болбосо да сага салават айткандарды жана сен өлгөндөн кийин келе тургандардын салаваты тууралуу эмне дейт элең, алардын абалы кандай?” – деп сурады. Пайгамбарыбыз (с.а.в.):

“Менин сүннөтүмдү жана жолумду бекем карманган адамдардын салаваттарын угам жана аларды тааныймын. Менден кийин келгендердин салаваттары дайыма мага жеткирилет” – деп айтты.