Маккатул Мукаррама жөнүндө кыскача маалымат

Мекке шаары Арап жарым аралынын түндүгүндө жайгашып деңиз деңгээлинен 280 м бийиктикте турат. Батны Макка (Беке) деп аталган өрөөндө курулган. Шаардын Кааба жайгашкан жериндеги чукур аянт (Батхау Макка) деп айтылат. Чыгыш тарабынын этегинде Сафа жана Марва дөңсөөлөрүнүн жайгашкан жери Абу-Кубайс, батыш жагында Куайкиаан, түштүк батышында Савр тоосу, түндүк чыгышында Хира жана Савр тоолору менен курчалган.

Мекке шаары  
• Мусулмандардын кыбыласы болгон Каабанын;  
• Ибадаттарга бир амалга жүз миң сооп берилген Масжидул-Харамдын;   
• Аллахтын Элчисинин төрөлгөн жери;  
• Пайгамбарлык жана элчилик берилген;  
• Курандын көптөгөн аяттары түшүрүлгөн;  
• Исламдын шарттарынын бири болгон ажылык милдети аткарылган куттуу шаар.

Ыйык Куранда Меккенин ысымдары:

1- Макка  
2- Бекке  
3- Уммул-Кура (жер жүзүндөгү бардык конуштардын борбору жана мусулмандардын Кыбыласы деп эсептелет)  
4- Ал-Балад  
5- Ал-Баладул амин (коопсуз жер),  
6- Ал-Балда  
7- Харамун амин  
8- Вади гайру зи замин  
9- Меад (кайтуу жери)  
10- Карйе  
11- Ал-Масжидул Харам.  
Дүйнө тегерек формасында түзүлгөн, анын борборунда Кааба жайгашкан. Жер жүзүндөгү өлкөлөрдүн ар бири Каабанын бир тарабын карашат. Демек, Каабанын айланасында таваф кылуу, дүйнөнүн Макка шаарынын айланасында айлануусун билдирет.

Харам

Жараткан Аллах Таала асман менен жерди жараткан күнү Макка шаарын арам кылган. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) белгилеген чек аранын айланасында Макканын харам (тыюу салынган, корголгон, кол тийгис) деп аталышынын себеби-зыянкечтерден башка тирүү жандыктарды өлтүрүү жана өсүмдүктөргө зыян келтирүү арам деп эсептелет. Жыныстык катнаштын, зордук-зомбулуктун бардык түрүнө тыюу салынат жана бул жер коопсуз жана кол тийгис абалга айланган. Харам аймагында аткарылган жакшы амалдарга көптөгөн сооп жазылгандай эле күнөөлөр да жазасыз калтырылбайт. Харам аймагынын чеги «алем» деп аталган таштар менен белгиленген. Харамдын айланасы 127 км. Ал эми аянтты болсо 550 кв.метрди ээлейт.

Хилл  
Харам менен Микат жерлеринин ортосундагы аймак Хилл деп аталат.  
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) жер жүзүндө Аллахка эң жакын жана сүйүктүү жер Кааба жана анын айланасы экендигин айткан. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) хижрат (хижрат көчүү) учурунда Маккатул Мукаррамадан чыгып баратканда мындай деп айткан:

«Аллахка ант ичип айтам, сен Аллахтын жерлеринин эң жакшысы жана эң сүйүктүүсүсүң. Эгер мени сенден чыгарышпаганда, мен сенден чыкмак эмесмин».