
Азирети Айша энебиз разияллаху анха мындай деген:
“Мага эки кичинекей кызын кучактаган абалда, кедей аял келди. Мен ага үч кургатылган курма бердим. Ошол аял кыздарынын ар бирине эки курманы бирден бөлүп берди. Анан калган бирөөсүн да өзү жеш үчүн оозуна алды. Ал ортодо кыздары аны да жегиси келген де. Апасы курманы дароо эки кызына бөлүп берди.
Мага анын бул кылган иш аракети жакты. Мен Расулуллахка (с.а.в.) анын бул ишин айттым, Пайгамбарыбыз (с.а.в.):
“Чындыгында, бул курма себептүү Аллах ал аялга бейишти парз кылды. Же ушул курма себептүү аны тозоктон азат кылды”.
Кыздарын багуу үчүн аракет кылуу жана аларды Ислам ахлагына ылайыктуу кылып тарбиялоо тозоктон кутулууга алып баруучу сооптуу амалдардан.