УМРА ДЕГЕН ЭМНЕ?

Опубликовано content -

Умра деген эмне? 

Умра - сөздүктө, зыярат дегенди билдирет. Шариатта болсо, Байтуллахты ихрам менен зыярат кылуу жана Сафа менен Марванын ортосунда саьий кылуу. 

Умранын эрежеси жана өкүмү:

Умра- белгилүү бир убакытка карабастан Арафа жана Курман айт күндөрүнөн (5 күн) тышкары, каалаган учурда ихрам кийип, таваф жана саьий кылуу менен чачты кыркып алуу же чачты кыскартуу.
Умранын парздары:

  • Ихрам
  • Таваф

    Булардын ичинен ихрам- шарт, таваф-рукн.

    Умранын важибдери:

  • Саьий (Башка мазхабдардан рукн)
  • Чачты кыруу же кыскартуу. ( Ханафилер жана Маликилер боюнча важиб, Шафий жана Ханбалий мазхабында парз деп эсептелет.

    Булак: Умра китепчеси китебинен алынды.