
Шайтан менен Алла Тааланын адамдар тууралуу сүйлөшүүсү
Каргыш тийген шайтан айтат:
– Эй, Алла! Сен адамдарга өзүңдү жат кылып сыйынуу үчүн мечит бердиң. Менин мечитим кайда?
Алла Таала айтат:
– Сенин мечитиң мончо.
Шайтан айтат:
– Эй, Алла! Адамдар үчүн мажилис жараттың, менин мажилисим кайда?
Ошондо Алла Таала айтат:
– Эй, наалаты малгун, сенин мажилисиң базар.
Шайтан айтат:
– Эй, Алла! Адамдар үчүн сөз жараттың. Менин айтар сөзүм кайда?
Ошондо Хак Субхана ва Таала айтат:
– Эй, балит! Сенин айтар сөзүң – калп менен кесир сөз.
Шайтан наалаты дагы айтат:
– Оо, Кудай! Адамдар үчүн азан жараттың, менин азаным кайда?
Ошондо Хак Субхана ва Таала айтат:
– Эй, шайтан наалаты! Сенин азаның – сурнай жана музыка.
Шайтан наалаты айтат:
– Эй, Алла! Адамдар үчүн пайгамбар жараттың, менин жол көрсөткүчүм кайда?
Ошондо Алла Таала айтат:
– Сенин колдоочуларың – бардык палчылар жана көзү ачыктар.
Шайтан наалаты айтат:
– Эй, Алла! Адамдар үчүн китеп жараттың, менин китебим кайда?
Ошондо Алла Таала айтат:
– Сенин китебиң – адамдардын бетине, колуна ийне менен салган калы менен жазуу.
Шайтан наалаты айтты:
– Эй, Алла! Адамдар үчүн үй жараттың, менин үйүм кайда?
Ошондо Алла Таала айтат:
– Сенин үйүң – ушакчылар.
Шайтан наалаты дагы айтты:
– Эй, Кудай! Адамдар үчүн тамак жараттың, менин тамагым кайда?
Ошондо Хак Субхана ва Таала айтат:
– Мени эсинен чыгарган жамааттын тамагы. (Мындайча айтканда, “Бисмиллаахир-рахмаанир-рахиим” деп ичпеген оокат).
Ошондуктан, эй, пенде, Алладан кабарсыз болбой, ар качан бир Алланы эсиңе алып жүр. Шайтан наалатынын жолуна түшүп, Алланын рахымынан кур калба. Мейлиң кары, мейлиң жаш, мейлиң аял, мейлиң эркек, мейлиң кыз, мейлиң молдо, мейлиң наадан, мейлиң жай чарбачы, мейлиң башчы бол. Баары бир жыгач бешикке түшкөн дене, жер төшөккө да түшөт. Андан эч кутулуу жок.
Ошондуктан, Алланы ар качан эсиңерден чыгарбаңар. Тобо, шүгүр, истигфар жасагыла. Бул иштер – парыз болот. Бул парыз – ар кимдин мойнундагы милдет. Бул парызды моюндабаса, күнөөкөр болот.
Булак: Жан азыгы китебинен алынды.