
Мухаррам айы – хижрий жыл санагынын биринчи айы.
Ушул айдын биринчи түнүндө шам жана куптан намаздарынын ортосунда Аллах ыраазылыгы үчүн эки рекет намаз окулат. Намазга төмөнкүчө ниет кылынат:
“Оо, Раббим! сен бизге насип кылган ушул жылды, биз үчүн берекелүү кылууң үчүн, кечиримиңе, пейиз-берекеңе, дүйнө жана акырет бактысына жетүүбүз үчүн, Аллаху Акбар”.
Ар бир рекетте 7 Фатиха шарифа, 7 Аятул-Курси, 7 Ыхлас шариф окулат.
Намаздан кийин:
11 жолу “Лаа илааха иллаллаху вахдаху лаа шариика лах, лахул-мулку ва лахул-хамду юхйии ва юмиит, ва хува хаййун лаа ямуут, биядихил-хайыр, ва хува алаа кулли шайьин кадиир”.
11 истигфар шариф, 11 салават шариф окулуп, дуба кылынат.
Намазда өткөн жылдагы күнөөлөрдүн кечирилүүсү жана жаңы жылга күнөөсүз кирүү үчүн жалынып жалбарып дуба кылынат.
Мухаррам айынын биринчи түнүндө тасбих намазына төмөнкүдөй ниет менен окулат:
“Оо, Раббим, ушул жаңы жылда мага кечиримиңди, ыраазылыгыңды жана хидаятты насип кыл, жана жаңы ачылган амал дептеримди ыраазылыгыңа шайкеш амалдар менен толтурууну насип кыл, сени каарданта турган амалдардан мени куткар”.
Тасбих намазында (15 тасбихтен кийин) төмөнкүлөр окулат:
1-рекетте: 1 Фатиха шарифа, 1 Аятул-Курси,
2-рекетте: 1 Фатиха шарифа, 1 Ааманар-Расуулу (Аали Имран сүрөсүнүн биринчи 2 аятын кошуп окуу).
Үчүнчү рекетте: 1 Фатиха шарифа, 1 Хуваллахуллази.
4-рекетте: 1 Фатиха шарифа, 1 Ыхлас шариф.
Намаздан кийин истигфар, салават шариф айтылып, андан кийин дуба кылынат. (Дуба жана ибадаттар китеби, Алтын Барак)