
Кайсыл амал эмнеге себеп болот?
Адамдарга пайдалуу болуу – сүйүүгө, жамандык кылуу – жек көрүүнү пайда кылат.
Каршы чыгуу – душмандыкка, баш ийүү – достукка алып барат.
Актык – бул ишенимге ээ болуу, аманатка бекем болуу – жүрөк тынчтыгына, адилеттүү болуу – жүрөктүн биримдигине, куугунтук – чыр-чатакка алып келет.
Жакшы адеп-ахлак – биримдикке, жаман адеп-ахлак – адамдардан узактатууга себеп.
Жылмайуу – бул достук, капалануу – жалгыздыкты жаратат.
Текебер болуу адамдардын көз алдында – жек көрүүгө жана ачууланууга алып келет, жоомарт болуу – анын кадыр-баркын жогорулатат, берешен болуу – мактоого, сараңдык – шермендечиликке алып келет.
Бошоңдук – иштердин артка кетүүсүнө, олуттуулук – иштин өз нугунда улануусуна, бекерчиликке – өкүнүчкө жана кайгыга, тырышчаактык жана аракет – бакытка, текебердик жана кайдыгерлик – өкүнүүгө, бекем жана этият болуу берекенин – уланышына себеп болот.
Этияттык (сактык) менен аракет кылуу – каалаган нерсеге оңой жетүүнү билдирет, жумшак болуу – жагымдуу болуу жана сүйлөшүүнү улантууга, жумшак көнүлдүү болуу – жүрөктөрдү багынтууга, жакшы адеп-ахлак – жакшы жашоо, адамдарды жамандоо – алардан алыс болууга себеп.
Азыраак сүйлөө улуулукту алып келет. Ихсан жана жакшы амалдар – кадыр-баркты көтөрөт. Адеп-ахлактын жакшы болуусу – амалдардын таза жана тыкан болушуна себеп болот. Эмне кылып жатканын билбегендерге жумшак мамиле кылуу – аларга каршы жардамчыңарды көбөйтөт. Кичи пейил жана кадыр-барктуу болуу – берешен болууга, пайдасыз нерселерди таштоо – жакшы адаттардын кемчиликсиз болушуна шарт түзөт.
Адептүү жана жетилген болуу – сүйүү тартуулайт, адепсиздик жана жетилбегендик – куугундукка себеп болот. Досуңдун бир нерсеге жетүүсүн көрө албагандын – мээримдүүлүктүн жоктугунун белгиси. Иштин аягын ойлоп аракет кылуу – ийгиликке себеп болот.