
Ихсан деген эмне?
Ихсан - Бул ибадатты бекем ыклас менен жерине жеткире аткаруу. Ибадатты Алланы көрүп турганыңдай ыклас менен аткаруу керек. Эгер сен көрө албасаң, Алла сени көрүп турат деген ишеним болуусу зарыл.
Ислам деген эмне?
Ислам деген сөздүн лексикалык мааниси "Алла Таалага моюн сунуу жана өзүн тапшыруу" дегенди туюндурат. Ал эми терминдик маанисине карасак, "Ислам беш негизге курулган, алар:
- Шахада (Иман келтирүү) Алладан башка ибадат кылууга татыктуу илах жок экендигине жана Мухаммад (ага Алланын тынтыгы жана мактоосу болсун) Алланын элчиси экенинин моюндап, күбөлүк берүү;
- Намаз Өз убагында, шарттарын жана парздарын толук аткарып, сүннөт жана мустахаптарына көңүл буруп беш убак намаз окуу.
- Зекет Зекет берүү.
- Орозо рамазан айында орозо кармоо.
- Хаж (Ажылык кылуу) Барып келүүгө жолу ачык, жол киреси жетиштүү, келгенге чейин үй-бүлөсү эч нерсеге муктаж болбой турган адамга өмүрүндө бир жолу ажы амалын аткаруу.