Отзыв от Гость

Гость
10/10

Мурдагы посторго " Амин " деп жаза берип, Аллахтын каалоосу менен 2- январда кеткенбиз, бүгүн 19-да келдик. Аллахым баардык ниети бар адамдарды чакырсын, ошончолук мүмкүнчүлүк берсин .Чын ниет
коюп ,Аллахтан сураныңыздар, каяктан
билетке акча каражат келип, кантип барып калганыңызды, өзүңүз да билбей
каласыз. Аллах Кадыр зат, Берешен зат, Аллах кааласа бир заматта ошол жакта болуп каласыз, түшүңүзбү, өңүңүзбү
ишенбейсиз. Мен стористи көрүп эле, дуба кыла бердим, Аллахтан сурана бердим мен дагы ушул элдин  арасында
болоюн деп. Азыр үйгө келип, стористи көрүп ,жомокко барып келгендей эле
болуп жатам. Чын ниет коюп сурана бериңиздер, баарыныздар,ата
-энениздерди өздөрүн жибербей ,чогуу
барыныздар, ата - энеге ошол жактан кызмат кылыңыздар .Аллахтын үйү, жүрөк
тынчтык табат, дүйнө,  акча ж.б баарын унутасын, Аллах менен түзмө-түз байланышкан жер, сөз менен жеткире албайм,ар киминиздер барып, ошол
сезимди сезип келиңиздер. Аллахым сиздерге ар бир адал тапкан акчаныздарга берекесин берсин, мүмкүнчүлүк, шарт түзүп
берсин. Бир күнү анан мага окшоп бүгүн эле Умрадан келдим сиздерге да насип этсин деп коммент жазып калышыныздыАллахым насип этсин. Оомииийн.

10.10.2023

Биздин программабызды жакшыртууга жардам бериңиз

Келечектеги сапарларыңызда кызыктуураак тажрыйба алуу үчүн тур жөнүндө пикир калтырыңыз

Пикир калтыруу