Мадинатул-Мунаввара Аравиянын түндүк батышында Кызыл деңизден 130 км алыстыкта жайгашып, деңиз деңгээлинен 619 м бийиктикте турат. Бүгүнкү күндө Мадина менен Меккенин ортосундагы транспорт миграция жолу деп аталып, 418 км унаа жолу менен камсыздалат. Эбегейсиз чоң түздүктө курулган шаардын түндүк тарабын Ухуд тоосу, түштүк тарабын Аир тоосу, чыгыш жагын Вакым жана батыш жагында Вебере (жанар тоо вулканынын агымы менен пайда болгон кара таштар) курчап турат. Учурда жашап жаткан калктын саны тогуз жүз миңден ашуун. Илгери Ясриб деп аталган бул шаарга Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) көчүп келүүсү жана нурландыруусу менен Дарулхижра, Мадинатун Наби, Мадинатул-Мунаввара деп айтылат.
Мадина шаары.
Мадинатул-Мунаввара Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) көчүп барган мекени.
Башка шаарлардын элдери мусулмандарга жардам берүүдөн баш тартышып кордук көрсөтүшкөн болсо, Мадиналыктар жардам беришкен. Мадина Ислам мамлекетинин биринчи борбор шаары болгон. Дин исламды жайылтуу максатында чет мамлекеттерге элчилерин жиберип, аларды Исламга чакырган шаар. Маккатул-Мукаррамадан кийинки эң куттуу шаар. Курани-Каримдин жарымынан көбү түшүрүлгөн жер.
Мадина шаары куттуу шаар болуп эсептелет, себеби Хатамул анбия (акыркы пайгамбар Мухаммед с.а.в) ошол жерде жашап өткөн жана сөөгү ошол жерге коюлган. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) дүйнө жана акыреттик достору, эки шейит, Аз. Абубакр менен Аз. Умардын сөөктөрү да ошол жерге коюлган. Акыретке ачылган дүйнө терезеси, бейиш бакчасы (Равза-и Мутаххара) ошол жерде жайгашкан. (Жер жүзүндө Равза-и Мутаххарадан тышкары бейиштин белгисин берген башка жер жок). Азирети Усман (р.а.) баш болуп он миң сахабанын сөөгү коюлган «Жаннатул-Баки» деп аталган көрүстөн ошол жерде жайгашкан. Баштарында Аз. Хамза турган жетимиш шейиттин сөөгү коюлган Ухуд тоосу ошол аймакта жайгашкан. «Масжидул-Кыблатайн» Кыбылабыз ошол жерде өзгөртүлгөн.Такыбалык жолу менен курулган «Масжидул-Куба» жана «Жети мечит» ошол өрөөндө курулган. Анан кантип бул жерде көз жашыбызды төкпөй, бейкапар, кайдыгер болобуз? Маккатул-Мукаррама жана Мадинатул-Мунаввара аймагынын бардык шаарлардан жогору тургандыгы тууралуу ортоктош пикир бар.
Мадина шаары жөнүндө Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) айткан сөздөрү:
لمدينة قبة الاسلام ودارالإيمان وأرض الهجرة ومثوى الحلال والحرام
«Мадина-бул Ислам дининин символу, ыймандын мекени, хижраттын жери, адал менен арам түшүндүрүлгөн жер».
(Тергиб, 2/228)
من إستطاع أن يموت بلمدينة فليمت
«Кимде-ким Мадинада өлүүгө кудурети жетсе, ошол жерде өлсүн, албетте мен бул жерде өлгөндөргө шапаат кылам».
(Тергиб, 2/223)
Мадинатул-Мунаввараны сыйлоо жана урматтоо керек. Бул жерде орундалган ибадаттарга берилген сооптордо артыкчылык бар. Макка жана Мадина шаарларынын дисциплиналарына жана чен өлчөмдөрүнө баш ийбөө макрух болуп эсептелет.
(Лубабдын түшүндүрмөсү, 351-бет)
Имам Малик (р.а.) Мадинага киргенде, качырды минип алуусун сунушташат, ал жөө басуудан кыйналганына карабастан:
«Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) куттуу буттары менен баскан жерлерин качыр минип тебелеп-тепсегеним туура эмес» деп качырга минүүдөн баш тартып, Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) мүрзөсүнүн алдына чейин кыйналып болсо да жөө басып барган.
Акын Наби бир делегация менен ажыга барат. Алар Мадинага жакындаганда ал комитетте бир пашанын бутун сунуп жаткандыгын көрүп, үнүн чыгарып төмөнкү куплеттеги ыр саптарды окуйт:
Ыр саптардын мааниси:
Пайгамбарыбыздын шаарына киргенде оройлуктан сак болуңуз.Анткени бул Мустафанын макамы (жери, мекени) Кудайдын назары түшкөн жер.
Бул жер Аллахтын сүйүктүүсүнүн эс алып жаткан жери. Изгилик жагынан «Арш-ы Ааладан» да жогору турат. Эй Наби, бул шаарга адеп менен кир. Себеби бул жерде пайгамбар жашаган жана руханий таваф кылынган жер.
Эрте менен азанчылардын мунаралардан ушул ыр саптарды айтып жатышканын көрүп сурашат:
Силер бул ыр саптарды кимден үйрөндүңөр? Алар: «Бүгүн кечинде, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бизге ушул ыр саптарды үйрөтүп, мунаралардан айтуубузду буйруду» деп жооп беришет.
Биздин ата-бабаларыбыз бул куттуу шаарга чоң урмат-сый менен мамиле кылышкан. Хижаз (Мекке менен Мадина өрөөнү) аймагынын темир жолун курууда Абдулхамид Хан темир жолду курган командага (урмат-сый жана боорукердиктин көрүнүшү катары) төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
«Мадинага барганда, өтө эле ызы-чуу болбошу үчүн, кийизди мүмкүн болгон шаймандарга ороп койгула. Пайгамбарыбыздын, Ахли байттын рухтарынын жана ушул жерде жашагандардын тынчын албайлы» деп айткан. Эй, бады саба, харамейн аймагына жолуң түшсө, саламымды Расулус сакалайнга жеткиз.