ДУБАНЫН АДЕПТЕРИ ЖАНА ДУБА КАБЫЛ БОЛУУЧУ БЕРЕКЕЛҮҮ УБАКЫТТАР

Submitted by content on

Дубанын адептери:
1-Дубадан алдын оозун таза жууп (мисвак колдонсо да жакшы болот), толук даарат менен кыбылыга жүздөнүү.
2-Даарат жана соопту амалдардын артынан дуба кылуу - кабыл болууга өбөлгө түзөт.
3-Башында жана соңунда Аллага мактоо жана пайгамбарыбызга салаваттарды айтуу. Эгерде жатка билсе, биринчи кезекте ыйык Куранда анан сүннөттө келген, андан соң аалымдар айтып жүргөн дубаларды кылып, акырында жеке муктаждыктарды суроо.

Дуба кабыл болуучу берекелүү убакыттар:

  1. Даарат алгандан кийин,
  2. Беш маал намаздын соңунда,          (сүннөтөрүнөн кийин)
  3. Азан менен кооматтын ортосунда
  4. Фатиха сүрөөсүн окуугандан кийин,
  5. Рамазан айы,
  6. Түндүн акыркы бөлүгүндө     (багымдат намазына чейин)
  7. Жума күнү,
  8. Алланы эстеп, зикир айтылган жана илим окулган мажилистерден кийин.

    Мажилис-Бул адатта, диний окууларды, талкууларды, кеңешмелерди өткөрүүчү жыйын болот.

Булак: "Бейиштик үй-бүлөгө беш (5) хадис" китебинен алынды