
Дуба деген эмне?
Дуба деген: Алланын даргөйүндөгү жакшылыктарды сурап, ага жалбаруу.
Дуба деп: Жаратуучу Алладан көмөк сурап, камкордугуна алуусуна өтүнүүнү айтабыз.
Дуба- эки дүйнөнүн баардык жакшылыгын алып келүүгө себеп болуп, андагы бүткүл жамандыктардын алдын алат.
ДУБАНЫН КАБЫЛ БОЛУУ ШАРТТАРЫ:
1-Пенденин дубасын Алладан башка эч ким кабыл кылууга кудрети жетпейт.Акыйкатта: Кудайдан бөлөк эч ким - пайда менен зыян алып келе албайт. Бардык нерсенин чексиз казынасы - Анда гана. Ошол себептен улам, Аллага жакшы күмөн кылып, Ага гана кайрылып, кабыл болот деген илгери үмүттө, талыкпай дуба кылуусу керек!
2- Алкымын - арамдан сактап, тамак-ашына шек күмөндүн аралашып кетүүсүнөн сак болуусу зарыл.
3-Кудай бекиткен парыз ибадаттарды кечиктирип, дуба менен алек болуп, аларды каза кылып албоо керек.
4-Дубада адептен ашып кетпей, Жаратканга жарашпаган сөздөрдү оозанбаш керек!
Мисалы: Эмнеге жалбаруумду кабыл кылбайсың, эмне тосот? Сен милдеткерсиң, - деген сыяктуу адепсиз сөздөрдөн сактануу зарыл.
5-Шашылбоо. Ар бир нерсенин Алланын илимине ылайык оңтойлуу учуру бар. Тилегим-ишке ашпады, дубамдан али кабар жок деп, аны таштап койбоо.
6- Тугандык байланышты бекемдеп, күнөөдөн тыйылып, дуба кылуу.
7- Жаратканга жакшы күмөндө болуп, Ал-мээрими жанан ырайымы менен кабыл кылат деген туура ойдо болуу.
8- Чын ыклас менен жүрөктөн берилип дуба кылуу. Оюу чаржайыт болуп, тил учурунда гана болуп калбашы керек!
Булак: Бейиштик үй бүлөгө 5 хадис китебинен алынды