ШАЙТАНДЫН АДАМГА БОЛГОН АЗГЫРУУСУ.

Submitted by content on

Шайтан Адамды 2 учурда азгыруусу.
... Шайтандын пейили ар дайым азгыруу болот. Шайтан лаанаты адамды эки учурдан азгырат: биринчиси – пенденин жигит кези. Эгер адам Алла Таалага ибадат кылса, шайтан мындай деп азгырат:
– Эй жигит, жигиттик сага кайра келбейт. Жигиттикти бош өткөрбө. Бул дүйнө беш күндүк, ойноп-күл, ич, же! Өтүп кеткен убакытка өкүнөсүң, бирок өкүнсөң дагы ордуна келбейт. Бул дүйнөнүн кызыгын көрүп кал, арманың калбасын. Кийин жашың жеткенде намаз окусаң болот, орозо тутсаң болот, таат-ибадат кылсаң болот. Башир Хафи жөнүндө уккан жок белең? Ал бул дүйнөдө ууру, каракчы эле. Бул дүйнөнүн бардык ырахатын көрдү: уурулук кылды, ойноду, күлдү, ичти-жеди, адам өлтүрдү. Көп убакыт өткөндөн кийин тобо кылды. Ошондон кийин ал олуялардын катарына кошулду. Сен болсо бул дүйнөдөн кор болуп жашап жатасың. “Жашым элүүгө, алтымышка жетпейт” деп коркпо. Сенин алдыңдагы кишилердин жашы 60-70-80ге жетип жатат. Ошол убакытта тобо кылсаң боло берет, – деп азгырат.

Бул пенде болсо муну өзүм ойлоп таптым деп эсептейт, бирок анын азгырыгына шайтан себепкер болгонун байкабайт.

Шайтандын экинчи азгыра турган учуру – ооруган мезгил.
Шайтан ооруп жүргөн пендеге мындай деп азгырат:
– Эй пенде, өзүң ооруп жатып кыйналып эмне кыласың? Ооруган адамдын баары эле өлө бербейт. Айыгып, ордуңан тургандан кийин да намаз окусаң болот. Жаныңды эмнеге кыйнайсың? – деп азгырат.

Ошондо шайтан лаанатынын максаты – адамды жигит кезинде же ооруган учурда тобо кылбаган бойдон өлтүрүп, мойнуна көп күнөө артып кетүү. Эгер адам шайтан лаанатынын азгырыгына кирбесе, ал өлөр кезде шайтан анын ыйманын бузуп жибере албайт.

 

Булак: Жан азыгы китебинен алынды