АЖЫЛЫК 2025: 7- ОКТЯБРЬ ӨЛКӨДӨ АЖЫЛЫК САПАРЫНА КАТТОО БАШТАЛАТ

Submitted by content on

Ажылык-2025: 7-ОКТЯБРДА ӨЛКӨДӨ АЖЫЛЫК САПАРЫНА КАТТОО БАШТАЛАТ

2025-жылы ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди өлкө боюнча бир тизмеге (жандуу тизме / живая очередь) каттоо электрондук (Eid) ID-карт паспортунун негизинде 7-октябрда башталат.Талапкерлер баштапкы 2000 АКШ доллар жана кайтарымсыз 1200 сомду РСК банкына төлөп, каалаган аймактык операторлорго (жашаган аймагына карабастан) КМДБнын түзүмүндөгү облустук, шаардык Казыяттарга жана райондук Хатибияттарга баштапкы 2000 АКШ долларынын квитанциясын жана электрондук каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл. Талапкерлер баштапкы төлөмдөрдү аткарбай туруп электрондук базага каттала алышпайт.

АЖЫГА БАРУУЧУЛАРГА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР:

1. 2025-жылдагы Ажылыкка каттоо тартиби бир гана электрондук (Eid) же ID-карт паспорттун негизинде жүргүзүлөт.
2. Ажылык наркынын ичинен алдын ала баштапкы 2000 АКШ доллар РСК Банкына (ажылык-2025 счетуна) төлөгөндүгү тууралуу квитанциянын түп нускасы.
3. Ажылыкка катталуу үчүн кайтарымсыз төлөмдүн РСК Банкына (ажылык-2025 счетуна) төлөнгөн 1200 сом квитанциясынын түп нускасы.
4. Тышкы паспорту.
• (электрондук (Eid) паспорт менен Тышкы паспорт бир баракка көчүрүлүүсү зарыл.)
• (Тышкы паспорттун жарамдуулук мөөнөтү 2025-жылы 31-декабрь айына чейин бүтүүсү жараксыз.)
5. Аял киши үчүн махрамдын болуусу шарт.
Күйөөсү менен барса нике күбөлүгү, ал эми башка эркек махрамы менен барса туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынат. 1980-жылы январь айында төрөлсө метирке же нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү талап кылынат. Ал эми февраль айында төрөлсө документ түп нускасы талап кылынат.
6. (3х4) көлөмүндөгү 4 даана сүрөт.
• (Сүрөт түстүү, ак фондо, жылтырабаган (матовый) кагазда болуусу шарт).
• (Аялдар үчүн сүрөткө ак жана кара жоолук, ал эми эркектер ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт.
• (Фотошоп программасы менен оңдолуп-түзөлгөн сүрөттөр жараксыз деп таанылат).
7. 2024-жылы октябрь айынан баштап алынган №086у формасындагы медициналык справка.
8. Персоналдык маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугун берген катка кол коюу.
(ID-карт паспортунда көрсөтүлгөн колу гана жарактуу).

 

Алынган булак- Инстаграм:muftiyat.kg