Кимдер курмандык чалуусу керек?

Submitted by content on

КУРМАНДЫКТЫН НИСАБЫ ЖАНА ВАЖИП БОЛУУУСУНУН ШАРТТАРЫ

Курмандык нисабы – негизги жана зарыл муктаждыктарынан тышкары битир садакасы важип боло тургандай мал-мүлкү жана акчасы бар болгон, эркин, жолоочу болбогон ар бир мусулман эркек-аял үчүн курмандык чалуусу важиб болот.
Бул байлыктын зекет нисабындагыдай көбөйө турган мүлк болуусу шарт эмес жана бир жыл өтүүсү да шарт эмес.
Негизги жана зарыл болгон муктаждыктар төмөнкүлөр: Үйү, жетишээрлик үй буюмдары, унаасы (ат же араба), үч түрдүү кийими б.а, жумуш кийими, күнүмдүк кийим-кечеси, майрам жана ушул сыяктуу күндөрдөгү кийими өзүнө жана карамагында болгон үй-бүлөсүнө бир айлык тамак аштары. Ушул саналгандардан ашыкча 80,18 грамм алтын же мунун баасына тең келген башка бир нерсеге ээ болгон адамдардын битир садакасын берүүсү жана курмандык чалуусу важиб болот.
Курмандык чалына турган күндөрдө (айттын 1-2-3 күндөрү, шафии мазхабында 4-күнү менен бирге шамга чейин) бай (б.а. нисабка ээ болгон) адам курмандык чалуусу важиб болот.
Эркин жашаган, жергиликтүү мусулмандын жаш балдары үчүн да курмандык чалуусу мустахаб. “Захирур-ривайа” китебинде ушундай жазылган. Фатва да ушуга берилген. Имам Хасан бин Зияддын Имам Аъзамдан риваят кылганына караганда, бул адамдын жаш баласы үчүн курмандык чалуусу важиб.
Имам Аъзам жана Имам Абу Юсуфтун пикири боюнча, курмандык важип болуусу үчүн акылдуу жана балагатка жетиши шарт эмес. Жиндилердин жана балагатка жете элек баланын мал-мүлкүнөн аталары же өкүлдөрү курмандык чалып, анын этинен аларга жедиришет. Алар жегендеринен артып калса, аларга пайдалуу болгон (кийим-кече) нерселерге алмаштырса болот. Бирок, Имам Мухаммеддин айтымында, курмандык чалуу важиб болуусу үчүн акылдуу жана балагатка жеткен болуусу шарт.

Булак: "Алтын Барак"