ЗУЛ ХИЖЖА АЙЫНЫН АКЫРКЫ ТҮНҮҢДӨ АТКАРКЫЛА ТУРГАН ИБАДАТ

Submitted by content on

  Зул хижжанын акыркы түнүндө мүмкүн болсо, тасбих намазы окулуп, Хатмы Анбия окулат.
Шам намазы менен куптан намазынын ортосунда 10 рекет намаз окулат. Намазга төмөнкүчө ниет кылат: “Оо, Раббим! Өткөн жылды менден ыраазы кыла көр. Кетирген каталарымды жакшылыкка айландыр. Мага туура жоуңду жана ыраазылыгыңды бер”. Ар бир рекетте; 7 Фатиха шариф, 7 Аятул-Курси, 7 Ихлас шариф окулуп, эки рекетте бир салам берилет. Намаздан кийин мүмкүн болсо, жок дегенде 11 таухид, 11 истигфар, 11 салават шариф окулуп дуба кылынат.
Зул хижжанын акыркы күнү, жылдын акыркы күнү болуп саналат. Мүмкүн болсо бул күнү орозо кармоо сооптуу ибадат болуп саналат. (Дуба жана ибадаттар китеби, Алтын Барак)