Жаннатул-Баки

Submitted by content on

Мадинанын Баки же Бакиу-Гаргад деп аталган көрүстөнү шаардын түштүк-чыгыш тарабында Масжидул-Набавинин жанында жайгашкан. Бул көрүстөн мурда «Гаргад» деп аталып, биринчи жолу Пайгамбарыбыз (с.а.в.) тарабынан тикендүү төө куйрук бадалдар менен тосулган. Бул көрүстөн түрк тилдүү элдер арасында «Жаннатул-Баки» деген ат менен таанымал болгон. Бул көрүстөнгө биринчилерден болуп мухажирлерден эмчектеш бир тууганы Осмон ибн Маъзун, ансарлардан болсо Асъад бин Зурара көмүлгөн. Үчүнчү Халифа Азирети Осмон (р.а.) да Жаннатул-Баки көрүстөнүнө коюлган.

Пайгамбарыбыздын агасы Аз. Аббас (р.а.) эжеси Сафия жана алардын айрым неберелери да ушул жерге коюлган. Пайгамбарыбыздын уулу Ибрахим, кыздары Рукия, Зейнеп, Фатима жана небереси Хасан дагы ушул жерге коюлган. Жаннатул-Бакиге коюлган адамдардын арасында Азирети Алинин апасы, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) «экинчи энем» деп атаган Фатима жана анын куттуу аялдары Аз. Айша, Аз. Хафса, Аз. Умму Салама, Аз. Зейнеп бинти Хузайма, Аз. Зейнеб бинти Жахш, Сафия, Райхан жана Мария энелерибиз да бар.

Жаннатул-Бакиге Ахли-Байттын аттуу баштууларынан Абдурахман б. Авф, Саъд б. Абу Ваккас, Абдуллах б. Масуд, Сухайб ар-Руми жана Абу Хурайра баш болгон он миңге жакын сахаба, табиундардан көптөгөн адамдар жана бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн олуялар көмүлгөн.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мезгил-мезгили менен Жаннатул-Бакиге барып, ал жерде жаткан маркумдарга арнап дуба кылып турган. Жаннатул-Бакиге зыярат кылуу мустахаб болуп эсептелет.

Азирети Осмондун, Аллахтын элчисинин агасы азирети Аббастын, Азирети Айша энебиздин, азирети Хасан сыяктуу сахабалардын мүрзөлөрүнө курулган күмбөздөр убакыттын өтүшү менен талкаланып, мүрзөлөрдүн башына жана аягына коюлган кичинекей таштар менен белги коюлган. Бүгүнкү күндө 180.000 кв.метрге чоңойтулган Жаннатул-Баки Мадина көрүстөнү катары да колдонулуп келет.