СҮРӨ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Submitted by content on

Сүрө деген эмне?

Курандын үч аятын ичине камтыган өзгөчө аталышка ээ, башталышы менен аягы бир-бирине уйкашкан сүйлөм ­– сүрө деп аталат; Бакара сүрөсү, Тооба сүрөөсү сыяктуу. Куранда 114 сүрө бар.

Сүрөнүн сөздүктө эки мааниси бар: Бири жогорку даража дегенди билдирет. Экинчиси да чоң шаарды курчап турган дубал дегенди билдирет.

Биринчиге салыштырмалуу Куран сүрөлөрү көктөгү жылдыз системаларына окшоштурулса, ар бир аят жылдыз сыяктуу деп салыштырган.

Экинчисиге салыштырмалуу Курандын ар бир сүрөөсү чоң дубалы бар чептүү шаарга, ар бир аяты Куран андагы чоң, кооз сарайларга окшоштурулган.


Пазилет жылсанагы