
Мухаррам - айынын биринен онуна чейин, 2 рекетте салам берип, 6 рекет намаз окулат.
Бул намазды шам менен куптан намазынын ортосунда окуса болот, же куптан намазынан кийин да окуса болот. Намазга ниет төмөнкүдөй кылынат:
“Оо, Раббим! Сенин ыраазылыгың үчүн намазга ниет кылдым. Эгерде менин кошуналарым, дин бир туугандарым же башка бирөөнүн акысы мага өткөн болсо, акыларын төлөө үчүн. Аллаху Акбар...”
1-рекетте: 1 Фатиха шарифа, 1 Аятул-Курси, 11 Ихлас шариф.
2-рекетте: 1 Фатиха шарифа, 10 Ихлас шариф.
3-рекетте: 1 Фатиха шарифа, 1 Алхакумут-такасур, 11 Ихлас шариф.
4-рекетте: 1 Фатиха шарифа, 10 Ихлас шариф.
5-рекетте: 1 Фатиха шарифа, 3 Кул я аййюхал-кафирун, 11 Ихлас шариф.
6-рекетте: 1 Фатиха шарифа жана 10 Ихлас шариф окулат. Намаздан кийин дуба окулат.
(Дуба жана ибадаттар, Алтын Барак)