
Мухаррам айынын 9 жана 10-түнүндө тасбих намазын окуу керек.
Андан сырткары 9 жана 10-түндөрүндө, Тахажжуд убагында, Аллах Тааланын ыраазылыгы үчүн 4 рекет намаз окулат. Ар бир рекетте Фатихадан кийин 50 Ихлас шариф окулат.
Ушул күндөрдө Хатмы Анбияга улантуу керек. Хатмы Анбияны, айрыкча, 9-күндөн 10-күнгө (б.а. 10-түнгө) өткөн түнү окуу өтө пазилеттүү.
Мухаррам айында мүмкүн болушунча истигфар айтуу керек. (Дуба жана ибадаттар, Алтын Барак)
Мухаррам айынын онунчу күнү (Ашура), алдыңкы же кийинки күнү менен бирге орозо тутуу – бул сүннөт. Ашура күнү гана орозо тутуу танзихан макүрү. Хадис шарифта: “Ашура орозосун кармагыла жана ага тогузунчу же он биринчи күндү кошкула, жөөттөргө окшобогула” – деп айтылган. (Ниъматиул Ислам)