
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айт намаздарын Масжидул-Набавиде эмес, бул жерге 500 м. аралыктагы түштүк-батышындагы ачык талаада окушкан. Кээде жамгыр дубасын да ушул жерде кылышкан. Бул жерди “Менаха” деп да аташкан. Мадинага келген саякатчылар жана кербендер ушул жерде түнөшкөн. Менаха делген жердин бир бөлүгү жаназа намазы окулчу жер катары дагы колдонулат. Аз. Умар ибн Абдулазиз Мадинага губернатор болуп турган учурда бул жерди курулуш иштерин жүргүзүү менен өнүктүрүп «Масжидул-Мусалла» деп аташкан.
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бул жерге айт намазы жана жамгыр дубасын кылуу үчүн жолго чыккан кезде, ага бир булут көлөкөсүн салып жүргөнүнөн улам, кийинки мезгилдерде “Гамама”мечити деп да аталып калган.
Султан I-Абдулмажид тарабынан жаңыдан 32,5 х 23,5 м. өлчөмүндө курулуп, Масжидул-Гамаманын түштүк тарабында чоң чамгарак коюлуп, түндүк тарабы беш кичинекей купол менен жабдылган.
Султан II-Абдулхамиддин убагында жана 1990-жылы кеңири оңдоодон өткөн мечит Осмон империясынын архитектуралык стилин бүгүнкү күнгө чейин сактап келет.