КАЙДЫГЕРЛИК МЕНЕН НАМАЗ ОКУГАНДАРГА АЗАП БОЛСУН!

Submitted by content on

Кайдыгерлик менен намаз окуугандарга азап болсун!

Мааъун сүрөсүнүн 4 жана 5-аяттары төмөнкүчө чечмеленет:

Намаз окугандарга азап болсун!; Алар дене жана ооздору менен гана намаз окушуп, руханий жактан пайда ала алышпайт, капылеттен ойгонушпайт, адеп-ахлактык жакшыртууга аракет кылышпайт. Алар азапка татыктуу.

Намазынан кайдыгерлик менен окугандар; Тактап айтканда, алар намаздын убактысын жана шарттарын сакташпайт жана бардык намаздарды кайдыгерлик менен окушат.

Намаздын маанилүүлүгүнө кайдыгерлик кылуунун жана аны олуттуу бир парз катары аткарбоонун кээ бир алааматтары төмөнкүдөй: Намаздын окулуп окулбоосун көрмөксөнгө алуу. Убакытына көңүл бурбоо. Намазын окубай калса жан дүйнөсүндө бир кемчилик сезбөө, ага көңүл коштук кылуу. Аллах үчүн таза ниет менен эмес, кандайдыр бир дүнүйөлүк максаттар же эл көрсүн үчүн окушат. Жамаат менен бирге болгондо окуп, жалгыз калганда аткарбоо.

Бул окугандарын да кулдук милдети катары эмес, элге көрүнүү максатында окуу.

Намазды таптакыр таштагандар албетте булардан башка кароо керек. Алардын жазасы алда канча чоңураак. Мындан тышкары, чыныгы момун кээде намазда адашышы мүмкүн, бул башка маселе. Мунун ордун толтуруу үчүн сахв саждасы же болбосо намазды кайра окуу гана керектелек. Жаңылыштык жана билбестен жасалган ката, күнөө иш бул үммөт үчүн кечирилген. Анткени, Аллах Таала бул аятта “ан салаатихим; намаздарынан”, – деди да, “фи салаатихим; намаздарында” деп айтпады. Эгер “намаздарында” деп буйруганда, намазда кетирилген каталар да буга камтылат болчу. Бул жерде ырайым жана мээрими, намазда кетирилген майда каталар кечирилет деген белги бар.

Абу Барзала аль-Асламидан (р.а.) риваят болду: Бул Мааъун сүрөсүнүн 5-аяты түшүрүлгөндө, Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи васаллам, айтты: “Аллаху Акбар, бул силер үчүн ар бириңерге дүйнөчөлүк белек берилбегенден да жакшыраак”.

 

Пазилет жылсанагы