ДОСТУКТА КӨҢҮЛ БУРУЛУУСУ КЕРЕК БОЛГОН КЭЭ БИР МАСЕЛЕЛЕР

Submitted by content on

Пикири, дини, илими, адеп-ахлагы пазилеттүү, салихтерден тарбияланган инсан менен дос болуу керек.

Качан ката кетире турган болсоң, сага эскертип, тоскоол болгон, жакшы көз караш менен жардам берип, туура жол көрсөтүүчү, ичи-сыртына туура келген адам менен достошуш керек.

Жаман адам менен дос болбо. Жаман адам уусу жок уулу жыландай. Мындай адамдар бир нерседен корккондуктан же бир нерсеге үмүттөнүшкөндүктөн сени менен дос болушат.

Кимдир бирөө менен достошуудан мурун анын ал-абалын билишиң керек. Адамдын ал-абалын билүүң үчүн эң ишенимдүү жолу – ал ачууланганда эмне кылганын кароо. Ачууланганда сага калыс болбогон адамдын достугуна ишенүүгө болбойт.

Лукман Хаким уулуна мындай насаат айтат: “Оо, балам! Бир адам менен достошо турган болсоң, ал ачууланган да сага калыс мамиле де болсо, аны менен достош. Эгер андай эмес болсо аны менен достошпо”.

Адепсиздиктин эң жогорку даражасы – кимдир бирөөдөн достук үмүт кылуу жана рия менен кылган амалынын соопторун күтүү. Ыймансыз адам менен достошуп, кадырын билбегенге жакшылык кылуунун пайдасы жок. Амалсыз илимде жакшылык болбогондой эле достукта да адалдык жок.

Чыныгы достук; Бул эч кандай пайда күтбөй жана анча-мынча себептерден улам достугу бузулбоосу. Табиндерден Юнус бин Убайдтын (р.а.) башына бир балээ келди. Жакын досу Ибн Авфка кайрылып: “Ал сага келбедиби? Алар: “Достугуна ишенген дин бир тууган бизге келбесе, бул биздин достугубузга доо кетирбейт”, – деди.

Адам бир туугандарына зулум кылбашы керек. Эгер ошондой абал жаралса, анын чечүү жолун издеши керек. Кичинекей зулумду да басынтуу туура эмес. Анткени кичинекей көрүнгөн нерсе чогулуп, чоң болуп калат.

 


Пазилет жылсанагы