АЯТ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Submitted by content on

Аят деген эмне?

Аят сөздүктө “ачык белги” дегенди билдирет. Жол издеген адам ошол жолдун белгилерин билсе, аны көргөндө, айкатты, эңсегенин тапканын билет. Демек белги ачык дегенди билдирсе, аят андан да ачык-айкындык дегенди билдирет. Мисалы, тоо белги болсо, анын чокусун бир аятка салыштырууга болот. Күн күндүзгө аят(далил), ай түнгө (далил) аят. Бирок, аят өзүндө ачык бир белги болсо да, анын мааниси илимдүү болбогон адамдар үчүн жашыруун бойдон калышы мүмкүн. Мисалы, ар бир мамлекеттин туусу анын бир белгиси болуп саналат, бирок эгерде бирөө ал туунун кайсы мамлекетке таандык экенин билбесе же байкабаса, анын белги экендигине бир пайда жок.

Курандын бөлүнүп ажыратылган топторунун ар бирине аят деп айтылат. Аят карималардын ар бири күн сыяктуу ачык далил болуп саналат. Далилдөөсүн тек акыл-эс менен гана эмес, тил менен да билдирип турат. Курандын керемети да мындай аят баййинаттардан (айкын аяттардан) турат.

Куран аяттарынын көбү бир же бир нече сүйлөмдөн турган өзүнчө сөздөр. Дагы да ичинде бир нече аятты бир сүйлөм түрүндө камтыгандары да бар. 

Курандын илахий өкүмдөрдөн бир өкүмдү билдирген ар бир бөлүгү да аят деп аталат. Мисалы, аялдардын жамынуусу тууралуу аят бар деп айтылат. Бул жагынан алганда, бир аят кээде бир сүйлөм, сүйлөмдөгү жазуу, ал тургай, бир нече аят, окуя, ал тургай бир сүрө да болушу мүмкүн. “Бул аят ушул себептен түшүрүлдү” деп айтылганда, аят көбүнчө ушул мааниде бир нече аятты камтыйт. Куранда 6666 аят бар.


Пазилет жылсанагы