АМАЛДАРДЫ ЫКЛАС МЕНЕН АТКАРУУ КЕРЕК

Submitted by content on

Амалдарды ыклас менен аткаруу керек.

Кахф сүрөсүнүн 49-аятында: “Алар (өздөрү) жасагандарды өз алдынан табышат. Бирок Раббиң эч кимге адилетсиздик кылбайт”. Башкача айтканда, Аллах Таала кылмышкер болбогон адамды жазалабайт жана эч кимдин соопторун кемитпейт.

Абу Хафс (рах.) айтат: “Менин жүрөгүмө эң катуу тийген аят ушул. Эгер амал китебимдеги күнөөлөрүмдү карашса, мен жок болом. Менин моюн сунуума караса, анда эки жүздүүлүк жана убаракерчилик аралашып кеткенин көрүшөт”. Даанышмандардын амалдары кабыл болбойт деген коркуулары, алардын каталарынан коркуулары дагы да катуураак. Анткени, күнөөлөр үчүн кечирим жана шапаат күтүүгө болот. Бирок жакшы амалдардын кабыл болушу үчүн ыклас жана берилгендик каралат.

 “Ким жакшы иштерди жасаса, ал өзү үчүн. Ал эми ким жаман иштерди жасаса (да) өзүнө...” (Фуссилет сүрөсү, 46-аятында) буйрулган. Бейиштин жогорку даражаларында куттуу болгондордун жана тозоктун төмөнкү даражаларында азап тарткандардын абалын ойлошу керек. Алардын ар бир агымы Аллах Тааланын алдында кылган амалдарынын акыбети.

Аллах Таала эч бир жакшылыкты текке кетирбейт. Кичинекей жакшылыкты да Өз алдында көтөрүп, тоодой чоң кылат. Расулуллах, саллаллаху алейхи васаллам, хадистеринин биринде мындай деген: “Ким адал тапканынан бир курма баасына арзыган бир нерсе берсе, Аллах Таала адал малдан берилген зекеттен башка садакаларды кабыл албайт – бул, ыраазы болгон адал садака. Андан кийин бир курманы тоодой болгонго чейин көтөрөт, ошондой эле силердин бирөөңөр эркек бир тайды чоңойткону сыяктуу, садака ээсине үчүн өстүрөт”.

Бул соопко жетүү үчүн пайдалуу илим алуу жана ыклас менен салих амалдарды кылуу керек. Аллахтын ырайымы кенен, пенделерин кичинекей себеп менен болсо да кечирет. Чындыгында хадисте мындай деп айтылат: “Күнөөкөр аял өтүгү менен суу чыгарып, ысык күнү кудукта тентип жүргөн, тили салбырап турган жаныбарга суу бергени үчүн кечирилди”.

 


Пазилет жылсанагы