
Абдулкадир Гейлани куддиса сиррух сухбаттарынын биринде мындай деген:
Аллах Таала өзүнүн кудурети жана каалоосу менен даанышмандыктын түбөлүктүүлүгүнө ылайык алардын көбүн жок кылат, кээ бирлерин жоктон жаратат, кээсин бай, кээсин кедей кылат. Ал буйруган нерселерди түбөлүктүүлүктө жаратат.
Байлык, жокчулук, өлүм, тирилүү, ден соолук, оору, жеңиш, жеңилүү, ырыскы, ажыратуу, кутулуу, кыйроо сыяктуу абалдарды макулуктарынан каалаганына берет.
Булар Аллах Тааланы таанып билүүң үчүн, бул кудуреттүү иштер менен Анын биримдигин далилдешиңер үчүн жана Аллах Тааланын кудуретин жокко чыгарбооң үчүн.
Ушул себептен ‘Хашр’ сүрөсүнүн 2-аятында: “Ойлонгула, сабак алгыла, эй, акыл ээлери!”, айтылгандай, ар нерсеге жакшы көз караш менен карап, бардык нерседе Аллах Тааладан сурайлы. Анткени, Аллах Таала асмандар менен жердин казынасынын ээси.
Аллах Таала пенделеринин хидаят жолуна түшүүсүнө шылтоо болбошу үчүн пайгамбарларды жиберип, аларга муктаж болгон нерселердин баарын пайгамбарлары аркылуу билдирген. Ар бир пайгамбар өзү жиберилген коомго жана адамдарга эң жакшы насаат кылып, түбөлүк кырсыктарга алып бара турган кырдаалдардан эскертип, туура жолду көрсөтүп турган. Бирок сен алардан дагы эле сабак ала элексиң. Синин абалың Аллах Таала айткандай төмөнкү адамдарга окшош: “Каапырлардын мисалы: үндү, кыйкырыкты угуп, (бирок анын маанисин) түшүнбөй турган (адам) сыяктуу. (Булар) дүлөй сокур, дудук. Алар эч нерсени түшүнүшпөйт”. (Бакара сүрөсү, 171-аят)
Аллах Таалага ыйман келтирип, жакшы амалдарды жасап, түз жолдо жүрсөң, бул дүйнөдө жана акыретте да ар кандай коркунучтан, азаптан аман болосуң. Эгер амалда жалкоо болсоң, дүйнө жана акыреттин коркууларына кабыласың.
Пазилет жылсанагы