5 УБАК НАМАЗДЫН ПАРЗ КЫЛЫНЫШЫ

Submitted by content on

Беш убакыт намаздын парз кылынышы: Расулу Акрам (сав) Мираж түнү көптөгөн Аллах билдирген акыйкаттарга, анын кайрылуусуна жана көңүл буруусуна жетти. Ыйман негиздеринин ички маңызын өз көзү менен көрүп күбө болду. Периштелерди, бейишти акыретти, а түгүл Зулжалал Затты(Аллахты) көрдү. Андан сырткары бул түнү күн сайын беш убак намаз окуу парз болду.

Аллах Таала эң оболу күн сайын элиүү маал намаз окууну парз кылды.

Пайгамбарыбыз кайтып келе жатканда Аз.Мусага(ас) кезикти. Ал: "Аллах Таала үмөттүңө эмнени парз кылды?" - деп сурады.

Пайгамбарыбыз: "Элүү маал намазды парз кылды",-деди.

Аз.Муса: "Кайткын да, азайтышы үчуүн  жалбарып суран. Үмөттүң муну көтөрө албайт!" - деди.

Расулу Акрам кайтып барып Аллах Таалага жалбарды. Аллах Таала элүү маал намаздан он маалын кыскартты.

Расулу Акрам кайрадан Аз.Мусага (ас) келип: "Аллах Таала элүү маал намаздан он маал намазын кыскартты" -деди. 

Ас. Муса: "Роббиңе барып азайтуусу үчүн жалбар. Анткени үммөтүң муну да көтөрө албайт",-деди. Расулу Акрам кайтып Аллах Таалага жалбарды. Аллах Таала дагы он маал намазын кемитти. 

Пайгамбарыбыз дагы кайтып келип. Аз.Мусага(ас): "Аллах Таала дагы он маалын кемитти"-деди. Аз. Муса кайрадан: "Раббиңе кайткын да жалбар. Анткени үммөтүң буга да күчү жетпейт"-деди. 

Аз.Расулуллах кайрадан барып Улуу Аллахка жалбарды. Аллах Таала дагы он маалды кемитти. Ошентип он маалга түшкөнгө чейин Пайгамбарыбыз Аллах Таалага кайра-кайра барып жалбара берди.

Он маалга түшүрүлгөндө Расулу Кибрия кайрадан. Аз.Мусага (ас) кезикти. Аз.Муса кайра эле айткандарын кайталап: "Роббиңе кайтып жалбар! Үммөтүң буга да чыдабайт"-деди. Расулу Кибрия кайра барып Аллах Таалага жалбарды.

Аллах Таала: " Эй Мухаммад! Менин алдымда өкүм өзгөрбөйт! Үммөтүңө күндүзү жана түнкүсүн окуй турган беш убакыт намаз берилди. Ар бир маал намаз үчүн он сооп жазылып, элүү маал намазга тете болот", -деди.

Пайгамбарыбыз кайрадан келе жатып Аз.Мусага(ас) кезикти. АзМуса (ас) "Эмне буйрулду?" -деп сурады. Пайгамбарыбыз: "Күндө беш убакыт намаз окууга буйрук алдым",-деди.

Аз.Муса (ас): "Үммөтүң күндө беш убакыт намазды окуганга да күчү жетпейт. Мен сенден мурунку инсдандарды, Исраил уулдарынан тажрыйбам бар, ошондон жакшы билем. Сен кайткын да Раббиңден бир аз кемитүүсүн суранып, жалбар",-деди. Бирок Расулу Акрам (сав): "Раббиме көп эле жалбардым. Дагы бир жолу сурануудан уялып турам"- деди.

Ошентип беш убакыт намаз парз болду. Намаз Расулу Кибрия тарабынан жин менен инсанга Мираж түнүнүн бир белеги болуп калды.

Булак: "Ааламдын сыймыгы МУХАММАД С.А.В Өмүр баяны"- китебинен алынды.